Site icon Reporter.kg

Баткенде килем чыгарган ишкана ачылат

Баткен районунун Ак-Сай айылында килем чыгарган ишкана ачылат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Килем токуган ишкананы ачуу үчүн мурдагы кондитердик цехтин эски имараты оңдотулган. Ал үчүн Баткендин өнүктүрүү фондунан 2,8 млн сом бөлүнгөн.

Имаратка айыл элинин сунушу менен килем цехин куруу боюнча долбоор жазылып, жактырылган. Натыйжада СASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму бардык керектүү жабдууларын орноткон.

Учурда 32 аял килем токуу боюнча окуудан өтүп жатат.

Ишкана үчүн керектүү чийки зат да өзүндө даярдалат. Айылдагы малдын жүнү сатып алынып, андан жип өндүрүлөт. Натыйжада экологиялык жактан таза, жумшак, сапаттуу, жаңы технология менен токулган килемдер чыгарылат.

Аталган долбоордун алкагында «Кыргыз килеми» ишканасы өнөктөш болууда. Алардын уз-чеберлери айылдагы кыз-келиндерге килем токууну үйрөтүүдө.

Муниципалдык ишкана жакынкы күндөрү салтанаттуу ачылышын жасап, расмий түрдө ишке берилүүсү күтүлүүдө. Жыйынтыгында 28 кыз-келин жумуш орду менен камсыз болот.

Exit mobile version