Site icon Reporter.kg

Баткенде коңшу өлкөгө жүк өткөрүп жаткандар кармалды

Мобилдүү топтор 4 аткезчилик фактысын аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мобилдүү топ ишке киришкен 10 күн аралыгында, чек ара аймактарынан 4 аткезчилик фактысы аныкталды. Кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөгөн.

Кармалган жүктөр негизинен жашылча жемиш, азык түлүк жана турмуш тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экени аныкталып, бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-майында, облустун чек ара аймактарында, кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз өтүп жаткан аткезчилик фактыларына каршы күрөшүү, мобилдүү топторду түзүү боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыккан.

УКМК, бажы, ички иштер кызматы, салык кызматтарынан турган мобилдүү топтор, азыркы учурда да Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарын көзөмөлгө алып жатканы кабарланат.

Exit mobile version