Site icon Reporter.kg

Баткенде коңшу өлкөнүн жараны маңзат сатууга шектелип кармалды

Баткенде баңгизат сатууга шектелип коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Апийим-2023» аттуу атайын иш-чаранын алкагында Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан менен чек арадан алыс эмес жерде 25 жаштагы А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жаранын кармаган.

Кармалган шектүүнүн жанынан 5 даана брикет салынган баштык болгон. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат «нашаа» чайыры болуп чыккан. Анын салмагы 4 кг 958 граммды түзгөн.

Аталган жаранга кылмыш иши козголуп, ал сот тарабынан камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version