Баткенде коронавирус жуктурган киши ооруканадан качып кетип, үйүнөн каза болуп калды

Баткенде коронавирус жуктурган киши ооруканадан качып кетип, үйүнөн каза болуп калды

Баткенде коронавирус инфекциясы менен ооруканада жаткан эркек киши бейтапканадан качып кетип, бир күндөн кийин үйүнөн өлүп калды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июлда Бишкектен Баткенге барган 1964-жылы туулган эркек кишиден анализ алынган. Анын анализинин жыйынтыгында коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталган. Маркум дароо инфекциялык ооруканага жаткырылган.

Ал 6-июлдан 7-июлга караган түнү карантин эрежесин бузуп, бейтапканадан качып кеткен.

«Милиция кызматкерлери жана медиктер бейтаптын үйүнө барышкан. Бирок ал ооруканага кайра баруудан баш тартып, бул ооруга ишенбей турганын билдирген.  Медкызматкерлери эркек кишиге үйдөн дарылануу үчүн дары-дармектерин жазып берген. Бирок, ооруга ишенбейм деп жатып, үйүндө 8-июлда каза болуп калды”, — деп түшүндүрдү облусттук милициядан.

Бүгүн, 9-июлда коронавирустан 4, пневмониядан 42 киши көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>