Site icon Reporter.kg

Баткенде мандарин, апельсин жана зайтун өстүрүү боюнча агротехникалык сыноолор башталды

Кыргызстанда жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү – мандарин, апельсин, зайтун жана кункуватты өстүрүү боюнча алгачкы агротехникалык сыноолор башталды.

Эксперименталдык көчөттөр Баткен облусунун Кадамжай районунда отургузулуп, алардын климаттык шарттарга ылайыкташуу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө.

Көчөттөр Түркиядан алынып келинип, атайын адистердин көзөмөлүндө жергиликтүү шарттарда өстүрүлүүдө. Бул сыноолор Кыргызстандын айыл чарбасын диверсификациялоо, жаңы киреше булактарын ачуу жана экспорттук потенциалды кеңейтүү максатын көздөйт.

Программанын алкагында төмөнкү багыттар изилденет:

•климатка чыдамдуулук,

•түшүмдүүлүк,

•илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуулук.

Эгер өсүмдүктөр ийгиликтүү жерге көнүп, жогорку түшүм бере алса, бул өлкөдө жогорку кирешелүү багбанчылыктын жаңы түрүн өнүктүрүүгө жол ачат. Ошондой эле, бул – түштүк аймактардагы дыйкандар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыруучу жаңы багыт болушу мүмкүн.

Бул — “Кыргызстанда жасалган” деген брендини бекемдөө жана жаңы экспорттук продуктыларды жаратуу жолундагы маанилүү кадам катары бааланууда.

Exit mobile version