Баткенде мечит өрттөндү

Баткенде мечит өрттөндү

Баткен районунун Бужум айылындагы мечит өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт саат 18:23тө толугу менен өчүрүлгөн. Куткаруучулар мечиттин ичиндеги куран китептерди сыртка алып чыгып, өрттөн сактап калышкан.

Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым тууралуу маалымат  азырынча белгисиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>