Site icon Reporter.kg

Баткенде милиция Тажикстанга өтүп кеткен уйларды ээсине кайтарды

Баткенде милиция кызматкерлери Тажикстанга өтүп кеткен уйларды ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-июль күнү Көк-Таш айылынын 30 жаштагы С.С. аттуу тургунунун кароосуз жүргөн 6 ую СМУ тилкеси менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына өтүп кеткен.

Көк-Таш айылдык милициясынын кызматкерлери Согди облусунун Исфара-2 райондук милиция кызматкерлери менен сүйлөшүү жүргүзүп, 9-июлда 6 уй кайтарылып, өз ээсине тапшырылган.

«Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал-жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version