Site icon Reporter.kg

Баткенде Өзбекстандын 4 жараны бараткан унаа жарылып кетти

Кадамжай районунда Өзбекстандын  жаранынын автоунаасы жарылып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка камраганда, 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында Өзбекстандын жараны “Дэу Лачетти” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох унаа жолунун 16-чакырымында, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.

Жарылган унаада жалпысынан  Өзбекстандын 4 жараны болгон,  жабыркагандар болгон эмес.

Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version