Site icon Reporter.kg

Баткенде саат 13.00гө карата кырдаал туруктуу

Бүгүн, 28-январь, саат 13:00гө карата Баткен облусунун аймагында коомдук кырдаал туруктуу. Кыргызстандын ӨКМнин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, облус боюнча кооптуу аймактагы жарандар убактылуу жайларга жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылууда.

Баткен облус боюнча жалпы 24 237 жаран эвакуацияланды. Убактылуу жайларга көчүрүлүп келген жарандар тамак-аш азыктары, зарыл каражаттар менен камсыз болууда.

Exit mobile version