Site icon Reporter.kg

Баткенде шайлоо комиссиясынын имараттынан ноутбук уурдалды

Баткендеги аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынан ноутбук уурдалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулу билдирди.

Анын айтымында, факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү кармалып, уурдалган каражаттар кайтарылган.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун айтымында, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпы 78 мыйзам бузуу катталган.  Анын ичинен 21 кылмыш иши, 15 тартип бузуу жана 4 мыйзам бузуу катталды.

Exit mobile version