Site icon Reporter.kg

Баткенде үйү талкаланган жарандар үчүн убактылуу чатырлар тигилди

Баткен облусунда тажик тараптын куралдуу баскынчылыгынын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган үйлөр курулуп бүткөнгө чейин жарандар үчүн атайын чатырлар тигилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Меши менен кийизден жасалган жылуу чатырлар ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок. Чатырлар бүгүн Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде алгачкылардан болуп курулуп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер кызматкери курман болуп, 200гө жакын киши ар кандай жаракаттарды алган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version