Site icon Reporter.kg

Баткенде топ бала 4 өспүрүмдү сабап салган. Милицияга 12 бала жеткирилди (видео)

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында топ бала 4 өспүрүмдү сабап салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы бонча, окуя 23-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30да болгон. 17 жаштагы төрт өспүрүм «Таштемир ажы» базары жактан өтүп бара жатканда, алардын алдынан топ бала тосуп чыгып, ур-тепкиге алып, сабаган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, сабалган балдардын алган жаракаттарын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле балдардын ата-энелери милицияга арыз жазган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, милициянын тергөө кызматына 12 өспүрүм жеткирилген.

«Учурда кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, ыкчам иликтөө иштери уланууда», — деп билдиришти милициядан.

Exit mobile version