Site icon Reporter.kg

Баткенде турак жайдан өрт чыгып, бир адам көз жумду

Баткен облусунун Кадамжай районунда турак жай өрттөнүп, тилсиз жоодон бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-ноябрда саат 10:00дөр чамасында Кадамжай районун Шакшак айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыгып, үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттөн 46 жаштагы киши көз жумган. 

ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Exit mobile version