Баткенде узундугу 22 чакырымды түзгөн айланма жол курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган жол Ош – Баткен — Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу унаалардын шаарды айланып өтүүсү жана жарандардын коопсуздугун сактоо максатында салынган.
«Узундугу 16,2 чакырым болгон Чоң-Талаа — Кара-Бак — Баткен автожолу жана 6,2 чакырым болгон Баткен районунун Миң-Өрүк айылына кеткен жол курулуп, асфальт төшөлдү. Жалпы узундугу 22 чакырым болгон жол үчүн республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган», — деп айтылат маалыматта.
Бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн жол 8 чакырымга кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, шаарды айланып өтүүгө болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз