Баткенге жаңы оорукана куруу үчүн Өзбекстандан 40 контейнер келди – сүрөт

Баткенге жаңы оорукана куруу үчүн Өзбекстандан 40 контейнер келди – сүрөт

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен жаңы оорукананын курулушу башталганын кабарлады.

Бул 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу үчүн  Өзбекстандан модулдук курулмалар – контейнерлер поезд менен алынып келинген.

 Аталган курулуш каражаттарын коштоп келген “Өзбекстан темир жолдору” ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов баштаган делегацияны, Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетинен, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тосуп алган.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кошуна мамлекеттин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбек элинин бул колдоосу эки элдин ынтымагын дагы бир ирет бекемдегенин айткан. 

Жеңил конструкциядагы оорукананы куруу үчүн  40 контейнер келген. Ага Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосунан 1 гектарга жакын аянт даярдалган.

“Оорукана 10 күндө курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат.

Ал эми бейтаптарды дарылоодо, Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, баткендик кесиптештери менен тажрыйба алмашышат”, — деп айтылат басма сөз кызматынан маалыматында. 

[su_image_carousel source=»media: 48715,48716,48717,48718,48719,48720,48721,48722″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>