Баткен жана Ош облусунда Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган жарандардын 18 млн 883 миң сом насыясы кечилди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-октябрга чейин каржы-насыя мекемелерине насыя алган 372 жаран кайрылган. Алардын ичинен 18 млн 883 миң сомдук 268 насыя кечилген, ошондой эле 20 млн 885 миң сомдук 64 насыя реструктуризация болгон.
«Учурда каржы-насыя уюмдары жабыр тарткан карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды кароого алууда, банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынат», — деп билдирет Улуттук банк.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз