Site icon Reporter.kg

Баткенде жаңы автовокзал курулат

Баткенде жаңы автовокзал курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында кабарланды.

Маалыматка ылайык, конкурсту мэрия жарыялады. Бул долбоорго 21 миллион 784 миң сом сарптоо пландалууда. Объект Курманжан Датка көчөсүндө курулат.

Жумуштар келишимге кол коюлгандан кийин 60 күндүн ичинде бүтүшү керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version