Site icon Reporter.kg

Баткенде жаңы курулган 30 үй пайдаланууга берилди – видео

Бүгүн, 18-январда Баткен облусунда жаңы курулган үйлөрдүн 30у пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктан үйлөрдүн ээлерине Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды.

“Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, бүтө электеринин 80-90% жумуштары аткарылган. Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду.  Алдыңкы 10 күн ичинде дагы 30га жакын үйдүн курулушу аягына чыгат”, — деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам Кыргызстандын 63 жараны курман болду. Алардын ичинен 48и аскер кызматкери, 15и жай тургун. Ошондой эле, 206 киши ар кандай жараат алды, 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. 700гө жакын үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалга кептелди. Бастырып кирүүдөн кыргыз тарап жалпы суммасы 6-8 млрд. сомдук зыян тартканын өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 27-декабрындагы жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев Баткенде курулуш иштери 22-октябрда башталып, бүгүнкү күндө 2 объект бүткөрүлүп, 121 үйдүн дубалы тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып, 9 үйдүн чатыры толугу менен бүткөрүлгөнүн маалымдаган.

Жыйында каржы министрлиги 3 транш менен 1 млрд 400 млн сом бөлгөнү маалымдалды. Буга чейин өкмөт Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп, пайдаланууга берилерин, акча жетиштүү бөлүнүп жатканын айтып ишендирген. Бүгүнкү күндө депутаттар курулуш жай жүрүп жатканына нааразы болуп, жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылынууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version