Site icon Reporter.kg

Баткенде жаңы курулган 35 үй пайдаланууга берилди

Бүгүн, 2-февралда Баткен облусунда жаңы курулган үйлөрдүн 35и пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктан үйлөрдүн ээлерине Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды.

Буга чейин 18-январда Баткен облусунда жаңы курулган үйлөрдүн 30у пайдаланууга берилгени маалымдалган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам Кыргызстандын 63 жараны курман болду. Алардын ичинен 48и аскер кызматкери, 15и жай тургун. Ошондой эле, 206 киши ар кандай жараат алды, 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. 700гө жакын үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалга кептелди. Бастырып кирүүдөн кыргыз тарап жалпы суммасы 6-8 млрд. сомдук зыян тартканын өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version