Баткенде жер титирөө катталды

Баткенде жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,  жер титирөө кечээ, 21-июлда саат 11:47де болгон. Зилзала Баткен облусунун Кадамжай районунун Шуран айылында 3 баал, Советский, Бел-Суу жана Алга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>