Site icon Reporter.kg

Баткенде жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-июнда саат 07:51де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version