Баткенде жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды

Баткенде жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды

Баткен облусунда жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында “Хюндай Портер” жана “ВАЗ 2107” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 киши жабыркаган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>