Site icon Reporter.kg

Баткендеги абал: Айрым жерлерде куралдуу салгылашуу уланууда

Баткенде саат 23:30 га карата абал чыңалуу бойдон калууда. Айрым жерлерде кадимкидей салгылашуу жүрүп жатат. Бул туурасында маалыматты КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы таратты.

Маалыматка караганда, тажик тараптан кыргыз тарапты  аткылоосун уланып,  айрым тилкелерде интенсивдүү кагылыш жүрүүдө.

Тажикстандын аймагында Кыргыз Республикасынын чек арасына кошумча күч жана каражаттарды, оор жана автомобилдик техникаларды ташуу көрүнүшү катталууда.

КР Лейлек жана Баткен райондорунун тушунда тажик тарап чек арага канатташ аймактарында күч жана каражаттарын топтоштурууда.

Саат 22.20да тажик аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын «Тамдык» чек ара заставасын аткылап башташты.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан өздүк курамы  душмандын чабуулдарына жооп кайтарууну улантууда.

Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев да абал боюнча маалымат берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version