Site icon Reporter.kg

Баткендеги «Арак-шарап заводу» мамлекетке кайтарылды

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен «Арак-шарап заводу» мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 1997-жылы аталган айыл аймагынын тургундарынын элдик жыйынынын чечими менен «Төрт-Гүл» ЖЧКсы түзүлүп, арак-шарап чыгаруучу ишкана жеке менчикке өткөрүлгөн.

Андан кийин 2006-жылы аталган завод 2 гектар 89 сотых жери менен чет элдик катышуусу бар жеке фирмага арзан баага сатылып кеткени аныкталган.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында, аталган «Арак-шарап заводунун» жетекчилиги ыктыярдуу негизде заводдун мүлкүн жана жер тилкесин толугу менен мамлекеттин балансына өткөрүп беришкен.

Exit mobile version