Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандардын абалы айтылды

Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандардын абалы айтылды

Баткендин Көк-Таш айылындагы чек ара жаңжалында жабыркагандардын абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Учурда 3 адам Баткен облустук оруканасында даарылануусун улантууда. Ал эми октон жабыркаган аскер кызматкери Бишкектеги Травмотология жана ортопедия борборуна которулган. 23-декабрда ага операция жасалат. Абалы салыштырмалуу жакшы”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик, жараат алгандардын экөө амбулатордук шартта даарыланууга кое берилгенин кошумчалаган.

[su_heading size=»20″ align=»left» margin=»30″]18-декабрда Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып,  эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргыткан.

Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын аскер кызматкери жаракат алган. Мындан сырткары беш адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.[/su_heading]

Сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков


Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>