Баткендеги чек арада абал оор. Ооруканаларда жабыркагандарды кабыл алуу үчүн реанимация жана хирургиялык керебеттер даярдалды. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Саат 14: 30га карата чек арадагы жаңжалда жабыркаган 4 адам тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилди.