Site icon Reporter.kg

Баткендеги Чет-Булакка таза суу тартылууда (сүрөт)

Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгына таза суу тартуу жумуштары башталды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Чет-Булак кварталына таза суу «Дүйнөлүк Эмират» кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен тартылдууда. Ал иштер үчүн 75 миң доллар кетери каралган.

«Долбоордун алкагында көлөмү 1000 куб метр кампа куруу да каралган. Таза суу курулушун үч айдын ичинде, сентябрь айына чейин бүткөрүү пландалган. Натыйжада Чет-Булак аймактык башкармалыгынын калкы 24 саат бою таза суу менен камсыз болот», — деп айтылат маалыматта.

Курулушка Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен да 3 млн сом каражат бөлүнгөн.

Аталган саамалыкка облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурхановдор катышып, жаңы конуштун негизги муктаждыгын чечүүгө көмөк көрсөткөн уюмдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version