Site icon Reporter.kg

Баткендеги Достук айылы кайсы жерге көчүрүлөрү аныкталды

Баткен районундагы Достук айылынын эли көчүрүлө турган жер аныкталды. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызмат кабарлады.

Маалым болгондой, облус башчысы Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Достук айылынын эли менен жолугуу өткөрүп, анда айыл элин кайсы жерге көчүрүү маселеси каралган.

«Жыйынтыгында айыл элинин макулдугу менен баары Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет», — деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүк билдиргендей, ар бир үй ээси үчүн беш сотых жерге мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет. Жалпы 71 үй салынат. Мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине, турак жай салуу үчүн беш сотыхтан жер берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Кызыл-Бел айылынан 9 гектар жер бөлүнүп берилет.

Эскерте кетсек, 27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбк Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берген.

Ташиев Баткен району менен Тажикстандын Исфара районундагы туташ эмес (чересополосный) жерлер чечилгенин айтып, келишимге ылайык Баткен районундагы Достук айылы тургундардын үлүш жерлери менен бирге 91 га, Мазеиттин жери – 8,3 га, Көк-Терек айылы – 17,5 га, Таш-Тумшук айылы – 20,1 га жана Дача тилкесиндеги 5 га үлүш жер, жалпы 141,9 га жер Тажикстанга бериле турганын билдирген.

Аталган 142 гектардай жердин ордуна Кыргызстан Исфара районунун Сомониен айылын (18,4 га), Дахма тилкесин (3,1 га), Хожа-Ало айылынын бир бөлүгү (21 га), Гавсувар тилкеси (2,7 га), Миң-Булак тилкеси (42 га), Лакон тилкесинин бир бөлүгү (55 га), жалпы 142,7 га жер аларын айткан. Ошондой эле Достук айылындагы жаңы салынган үйлөрдүн ордуна кенемте катары Лакон тилкесинен 30 га суулуу жер алат.

5-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Достук айылынын стратегиялык мааниси бар экенин айтып, аны коңшу өлкөгө бербеш керектигин айтып чыккан. Анын сөзүнө 6-мартта президент Садыр Жапаров комментарий берген.

Exit mobile version