Site icon Reporter.kg

Баткендеги “Головнойду” кайтаргандар кир суу ичишет

Кыргыз-тажик чек арасындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайды кайтарган аскерлер оор шартта иштеп жатышат. Бул туурасында Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтканы боюнча, суу бөлүштүрүүчү жайды кайтарып жаткан аскерлерде эң эле жөнөкөй кол жуугучтар (умывальник) жетишсиз. Бирөөнө кезектешип жуунушат. Таза суу жок, арыктан кир суу ичишет. Кайтарыкка алынган стратегиялык обьектинин айланасы ачык, тосулган эмес. Аскерлер жашай турган жай апрелдеги атышуулардан соң айнектери күбүлгөн. Ошол бойдон айнектери салына элек. Октон жараат алгандардын азыркыга чейин жарааттары айыга электери бар экен.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жер-жерлери кыдырып “Укук кербени” аталышында акция жүргүзүп, акысыз укуктук кеңештерди берип келишти.

Exit mobile version