Баткендеги көмүр шахтада 4 адам набыт болду

Баткендеги көмүр шахтада 4 адам набыт болду

Баткендеги көмүр шахтада 4 адам набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигиниен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-июнда Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында орун алган.  Анда шахтадан газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 4 адам: 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан (1947-жылы туулган; 1983-жылы туулган; 2001-жылы туулган жана 1986-жылы туулган адамдар).

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>