Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат билим берүү лицейиндеги окуя боюнча текшерип баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аймактык милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, окуучуну сабап жаткан видео социалдык тармакка жарыяланды.
Окуя 22-январь түнү, лицейдин жатакасында болгон. Айрым маалыматтарга караганда, окуучуга кол көтөргөн мугалим Түркменстандын жараны.
«Сапат» билим берүү мекемеси бул боюнча билдирүү жасап, педагог менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулганын кабарлады. Ал эми лицейдин директорунун жоопкерчилиги жакында каралат.
«Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде жол берилбейт», — дейт «Сапат».
Биздин Телеграм каналга катталыңыз