Баткендеги «Салам» радиосун жетекчиси, журналист Улукбү Амирова дүйнө салды

Баткендеги «Салам» радиосун жетекчиси, журналист Улукбү Амирова дүйнө салды

Баткен облусундагы жергиликтүү «Салам Медиа » радиосун жетекчиси,  журналист Улукбү Амирова  42 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Маалыматты маркумдун кесиптеши тастыктап, ал узак убактытан бери оору менен алышып келгенин кошумчалады.

Амирова 17-май күнү ооз ачардан кийин маркумдун кан басымы түшүп кетип, 18-майда каза болгон. Артында 1 уул, 2 кызы калды.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Улукбү Амированын көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>