Site icon Reporter.kg

Баткенден апийим, гашиш алып жүргөн чет элдик жаран кармалды

Эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстандын жараны кармалды. Буд туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 22-февраль күнү К.Б.Г. аттуу Өзбекстандын жараны Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды. Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим  табылып алынган.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

Exit mobile version