Баткенден уурдалган “Мерседес” Жалал-Абаддан табылды – сүрөт

Баткенден уурдалган “Мерседес” Жалал-Абаддан табылды – сүрөт

Кызыл-Кыя шаарынан автоунаа уурдай качкан адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну автоунаа жуучу жайдан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап качып кетти деп арыз менен кайрылган.

Бул окуя Жазык кодексинин 206-беренеси ( Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында уурдалган автоунаанын Бишкекти көздөй айдап бара жаткан адам кармалган.

Ал Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 26 жаштагы А.М. аттуу тургуну экени такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизген. 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мурда 3 жолу оор беренелер менен соттолгону белгилүү болгон. 

[su_image_carousel source=»media: 54859,54860,54861,54862″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>