Site icon Reporter.kg

Баткенди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 500 млн сом бөлүнөт

Баткен облусуна өзгөчө макамдын берилиши бизнести өнүктүрүүгө мүмкүндүк берип, жумушчу орундарды жогорулатып, аймакты өнүктүрүү үчүн шарт түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Кожошев кошумчалагандай, мыйзамга ылайык, облус аймагында атайы жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштейт. Атап айтканда, ишкерлер салыктын айрым түрүнөн: кирешеге салык жана сатыктан түшкөн салыктан бошотулат, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлккө карата салыктан жана жер салыгын төлөөдөн бошотулат.

Белгилесек, президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, облусту өнүктүрүү программасы кабыл алынган, анын алкагында аталган облусту өнүктүрүү максатында жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Exit mobile version