Баткендин үч районунда коомдук алдын алуу борбор ачылды

Баткендин үч районунда коомдук алдын алуу борбор ачылды

Коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана улут аралык бриримдикти чыңдоо максатында Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда коомдук алдын алуу борборлору ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган долбоор «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун, «Saferworld» өкүлдөрүнүн, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин «Наркотикалык заттардын эл аралык
айлануусу менен күрөшүүсү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL)» боюнча бөлүмүнүн колдоосу астында ишке ашырылган.

Иш-чарага ИИМдин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жана долбоорго колдоо көрсөткөн уюмдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү эл катышкан.

Аймактык кеңештердин административдик имаратынын курулушуна жалпысынан 2 миллион сомдон ашык акча каражаты коротулган. Анын ичинен Ак-сай айыл өкмөтүнөн 201 050 сом, Исфана шаарынын мэриясынан 383 730 сом, Халмион айыл өкмөтүнөн 321 710 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>