Site icon Reporter.kg

Баткендин медайымдары: “Биз коркпошубуз керек”

Баткен облусундагы куралдуу кагылышууда медайымдар коркпой, милдетин аткарышты. Алардын бири Баткен облустук бириккен оорукананын башкы медайымы Салима Бактыбаеванын пикирин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Биз корко турган болсок жабырлануучулардын абалы начарлайт. Мындан улам биз медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүп жатабыз. Дарыгердик милдетибизди так аткаруубуз кажет. Анткени биз Гиппократтын антын ичкенбиз”, — деди Салима Бактыбаева.

Куралдуу кагылышууда  дарыгерлер күнү-түнү эмгектенишкен.

Exit mobile version