Site icon Reporter.kg

Баткенде 7 млн долларга чакан ГЭС куруп жаткан ишкер бийликке нараазы

Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭС куруп жаткан жеке ишкер мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй жатканына нараазы. Бул тууралуу ал Баткен облусуна барган Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев менен жолугушууда билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Кыштут айылындагы чакан ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10 мегаватт болгон сметалык баасы 7 миллион АКШ долларлык ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер тарабынан башталган. ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, ушул тапта 1-каскаддын 100 пайыз жумушу дээрлик аткарылып даяр.

Тактап айтканда, 2 даана бассейн, 700 метр аралыктагы канал курулуп, 5 чакырым аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 500 миң доллар сарпталган.

«Эгер мамлекет тарабынан сатылып алынса бир канча айыл аймактарын электр энергиясы менен камсыз кылынмак. Учурда тилекке каршы мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй, электр энергиясын сатып албай жатат» деп нааразычылыгын билдирди ишкер.

«Бул маселени боюнча кышкы каникулдан чыгары менен комитеттин жыйынында карап, сөзсүз чара көрөбүз. Мамлекет тарабынан ишкерлерге болгон мүмкүнчүлүктөрдү берип, ар тараптуу колдоо көрсөтүү керек», — деди Жеңишбек Токторбаев.

Мындан тышкары, эл өкүлү «Достук» чек ара кызматкерлеринен да кабар алып, белектерин тапшырды. Андан соң курулуш жүрүп жаткан аймакта болуп, куруучулардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кийинчерээк Энергетика министрлиги Баткенде 7 млн долларга чакан ГЭС куруп жаткан ишкерге «мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй, электр энергиясын сатып албай жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди.

«Жеке ишкер менен энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков сүйлөшүү жүргүздү. Биринчи күнү ишкер Энергетика министрлигине келип, жетекчиликке жолугуп,  курулуп жаткан чакан ГЭСи боюнча маселени карашат. Министрлик чакан ГЭС куруп жаткан жана курам деген жеке ишкерлерди колдойт. Ар дайым тыгыз кызматташат. Себеби, чакан ГЭСтерди куруу менен өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Баткенде чакан ГЭС куруп жаткан ишкердин «нааразычылыгына» министрлик жооп берди

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version