Site icon Reporter.kg

Баткенге Бишкектен учак учпай жатат

Баткенге учактар учпай жатат. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, өткөн жумада пландалган каттамдар болбой, аэропорттон жүргүнчүлөргө себебин түшүндүрүшкөн эмес.

«Кары-картаңдарга, ооругандарга кыйын болду. Бир учак бар экен, ал дагы бузулуп калыптыр. Көпкө чейин учпайт деп жатышат», — дейт жергиликтүү тургундар.

«Манас» аэропорту так жооп бере алган жок.

«Каттам учпай калганы боюнча бизде расмий билдирүү жок, болор-болбосун дагы айта албайм. Авиакомпаниянын өзүнө кайрылыңыздар», — дейт аэропорт.

Ички каттамдарды аткарган Tez Jet компаниясынын  сайтында бул боюнча эч кандай кабар жок жана көрсөтүлгөн телефон номурларына чалып,  байланышууга дагы мүмкүн болбоду.

Bilet.kg компаниясында Раззаков менен Баткен шаарына 9-10-июлга пландалган каттамдар токтотулганын айтышты.

«Бир ай бою каттам болбойт, себеби бизге белгисиз», — деди алар.

1-июль күнү Раззаковго учкан учак жолдо бузулуп, кайра Бишкекке кайтып келген.

Белгилей кетсек, аталган багыттар боюнча билет баасы 4, 5 миңден 6,5 миң сомго чейин сатылып жаткан.

Лейлекке учкан учак бузулуп, жолдон кайтып келди

 

 

Exit mobile version