Site icon Reporter.kg

Баткенге концерт койгону бара жаткан блогерлер жол кырсыгына кабылды

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Ош-Раззаков жолунда кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Арген Асанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында болгон. Блогерлер бара жаткан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен.

Арген Асановдун абалы жакшы, Аружан Бекешева катуу жабыркаганы айтылат.

Блогерлердин 25-декабрда Баткен шаарында концерти пландалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version