Site icon Reporter.kg

Баткенге өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ Ак-Татыр айылынан 137 жаран алардын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Учурда райондо селдин кесепетин тазалоо иштери жүрүп жатат.

Лейлекте дагы сел жүрүп, Калта-Арык тилкесинде 5 турак үйдүн короосуна, Катраң-Өзгөрүш унаа жолунун 8-10-чакырым аралыгына да сел суулары келген. Бул райондо дагы бир нече жаран коопсуз жерге эвакуацияланган.

Exit mobile version