УКМКда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумдун болушу күтүлүүдө

УКМКда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумдун болушу күтүлүүдө

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумдун болушу күтүлүүдө. Учурда журналисттер менен мурдагы президент Алмабек Атамбаевдин тарапташтары эшикте күтүп жатышат.

Буга чейин отурум УКМКда өтөөрү маалымдалган. Мындай чечимди 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарган.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш ушул жылдын 15-октябрында башталган.

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, баш прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаевага жана  ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>