Батукаевдин иши боюнча Табалдиевге издөө жарыяланды

Батукаевдин иши боюнча Табалдиевге издөө жарыяланды

Ички иштер министрлиги Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевке издөө жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында изделип жатат.

Азырынча анын кайда экени белгисиз. Айрым маалымат каражаттары анын өлкөдөн чыгып кеткенин жазып чыгышкан.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган учурда Коргоо кеңешинин катчысы болуп иштеп турган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>