Батукаевдин иши боюнча соттук отурум жабык өтөт

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум жабык өтөт

Бүгүн 11-октябрда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча  алгачкы соттук отурум болот.

Бул тууралуу Репортер агенттигине Бишкектин Биринчи Май  райондук соттун басма сөз катчысы Асел  Равшанбекова билдирди.

Басма сөз катчынын айтымында сот жабык өтөт.

“Сот залына соттолуучулардын бары алынып келинет. Бирок отурумга адвокаттардан башка эч ким киргизилбейт. Эгер жабыркагандар болсо алар киргизилиши мүмкүн”, — деди Равшанбекова.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Бусурманкул Табалдиев Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Ал эми  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>