Site icon Reporter.kg

Батукаевдин иши эртең кайра каралат. Отурумга Атамбаев катышабы?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иши Биринчи май райондук сотунда 28-марттан тарта кайра карала баштайт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аталган соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, отурум саат 09:30га белгиленген.

Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Reporter.kg’ге билдиргендей, Алмазбек Атамбаев дарылануудан өтүп жаткандыктан, соттук отурумга катыша албайт. Атамбаевдин дарылануусу качан аяктап жана качан келери азырынча белгисиз.

Ошондой эле, Жоошев Атамбаевдин катышуусусуз соттук процесс карала берерин же кийинкиге калтырыларын сот чечерин билдирди.

Эскерте кетсек, 13-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча буга чейинки сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

14-февралда Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берип, ал абактан чыккан. 15-февралда ал Испанияга учуп кеткени кабарланган.

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш 2019-жылы Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын себептеринин бири болгон.

Экс-президент макамынан ажырагандан кийин ИИМ Атамбаевди бир нече ирет суракка чакырган. Бирок ал суракка келбегендиктен, аны кармоо боюнча 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта атайын операция уюштурулган. Натыйжада Атамбаев кармалып, Кой-Таштагы окуя боюнча ага иш ачылган. Учурда ал сотто каралууда.

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.

Алмазбек Атамбаевдин канча иши сотто каралууда? Расмий жооп

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version