ВИДЕО. Жогорку сот Атамбаевдин буга чейинки өкүмүн жокко чыгарды

ВИДЕО. Жогорку сот Атамбаевдин буга чейинки өкүмүн жокко чыгарды

Жогорку сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти карап,  Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароону райондук сотко жиберди.

Бул иште мурда күңөөлү деп табылган  мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаевага, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге карата чыккан өкүм дагы жокко чыгарылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июн айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан. Ал эми Жолдубаевага 5 млн сом айып салынып, класстык чининен жана ардактуу наамынан ажыратылган.

Калыбек Качкыналиев жеңилдетилген жаза менен эки жылга кесилип, сот залынан бошотулган. Ал эми Раимжановду жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>