Site icon Reporter.kg

«Бавария» «Барселонага» каршы 8 гол киргизип, чемпиондор лигасынын жарым финалына өттү

2019-2020-жылдардагы Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында Бавария Барселонду 8-2 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына өттү.

Мюнхен курамасына Иван Перишич, Серж Гнабри, Жозуа Киммич жана Роберт Левандовски гол киргизди. Томас Мюллер жана Филипп Коутиньо эки гол киргизди.

«Барселона» Луис Суарестин голу менен жооп берди. Ошондой эле топту өз торуна «Бавариянын» коргоочусу Дэвид Алаба киргизди.

Жарым финалда «Бавария» бүгүн, 15-августта, Бишкек убактысы боюнча 1: 00дө, Манчестер Сити жана Лион жуптарынын жеңүүчүсү менен ойнойт.

Exit mobile version