«Бавария» Чемпиондор Лигасында жеңүүчү болду

«Бавария» Чемпиондор Лигасында жеңүүчү болду

Бул жылкы Чемпиондор лигасында германиялык «Бавария» жеңүүчү болду. 

Португалиянын Лиссабон шаарында 23-августта өткөн финалдык беттеште мюнхендик «Бавария» менен Париждин «Пари Сен-Жермен» командасы кез келип, 1:0 эсебинде мюнхендик команда жеңүүчү болду. 

Беттештеги жалгыз голду Кингсли Коман киргизди.

«Бавария» муну  менен алтынчы ирет Чемпиондор лигасында жеңишке жетти (1974, 1975, 1976, 2001, 2013, 2020).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>