Базар-Коргон районунун акими 112 миң сомдук делген балаты боюнча түшүндүрмө берди

Базар-Коргон районунун акими 112 миң сомдук делген балаты боюнча түшүндүрмө берди

Интернетте талкууга алынган Базар-Коргон районуна орнотулган балаты боюнча райондун акими Айбек Бегимкулов Reporter.kg`ге түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, талкууга түшкөн балаты жасалгаланып бүтө элек.

“Быйыл депутаттар «мусулманчылыкта жаңы-жыл деген майрам жок» деп акча каралган эмес. Бирок учуру келгенде көнгөн эл келет экен деп балаты орнотулмай болгон. Ага  жергиликтүү бюджетен 100 миң сом бөлүнгөн. Анан тендер өткөрүлүп 88 миң 340  сом сунуштаган  Төлөмбай Шаимкулов аттуу жеке ишкер жеңүүчү болуп, балатыны орнотуу милдетин колго алган. Сүрөттө айрым бриллиант түстүү оюнчуктар көрүнбөй калыптыр. Аларды мен көрдүм. Дагы бир топ баалуу оюнчуктар тагыла элек экен. Анткени өткөн жылы 9-10-класстардын мектеп окуучулары келип, эртең майрам деген күнү оюнчуктарды уурдап кетен. Ушуга байланыштуу балатыны жаңы-жыл күнү жасалгалмай болушкан. Анан да айта кетели, 100 миң сомдун ичинде бардык жумуштар камтылат”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун борборуна орнотулган балатыга112 миң сом жумшалганы айтылып, балатынын жасалгасы коомчулуктун талкуусуна түштү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>