Site icon Reporter.kg

Базар-Коргондо дайынсыз болгон өспүрүмдү издөө уланууда

Жалал-Абадда төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-март күнү Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

“Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, кошумча ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version